Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

Зеленский Батышты орусиялыктарды киргизүүгө тыюу салууга чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Washington Post гезитине берген маегинде Батыш өлкөлөрүн Орусиянын бардык жарандарын өз аймагына киргизүүгө тыюу салууга чакырды.

Анын айтымында, буга чейин Орусияга киргизилген бардык санкциялар орус жарандары үчүн бир жыл чек араны жабууга жана орус мунай-газын сатып алууга толук эмбарго жарыялоого салыштырганда өтө жумшак.

“Эң маанилүү санкция чек араны жабуу – себеби орусиялыктар башкалардын жерин тартып алууда. Орусиялыктар философиясын өзгөрткөнгө чейин өз дүйнөсүндө жашоосу керек”, - деди Зеленский.

Украинанын президенти Орусиянын бардык калкын обочолонтуу менен жоопкерчиликке чакыруу керек деп эсептейт. Ал мындай чара президент Владимир Путинге таасир бере турган жалгыз ыкма экенин айтууда.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Орусиянын жарандарына виза берүүгө тыюу салуу маселесин талкуулап жатат. Бул демилгени Эстония, Латвия жана Финляндия көтөргөн. Евробиримдик 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин токтоткон.

XS
SM
MD
LG