Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу иштей баштады


Чикаго
Чикаго

Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу 8-августтан тарта иштей баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, башкы консулдук АКШдагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, жана консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлдү. Буга чейин Кыргызстандагы башкы консулу болуп Болотбек Борбиев дайындалган.

Башкы консулдук АКШнын 31 штатындагы жарандарга кызмат көрсөтмөкчү. Алар: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

Буга чейин АКШнын аймагында консулдук кызматты Вашингтондо жайгашкан элчилик көрсөтүп келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG