АКШнын соту Капитолийди басып алуу боюнча катаал өкүм чыгарды

АКШнын Капитолий имаратына жасалган чабуул. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын Колумбия округун соту 2021-жылдын январында Капитолийдин имаратын басып алуу иши боюнча Техастын тургуну Гай Реффитти 7 жыл 3 айга абакка кести. Бул аталган иште экс-президент Дональд Трамптын Капитолийди басып алууга аракет кылган тарапкерлери үчүн чыгарылган эң катаал өкүм болуп калды.

Гай Реффитт Капитолийге ыктаган аймакка курал алып кирүүгө жана козголоңдун башында чогулгандарды имаратка кирүүгө чакырган деп айыпталууда. Ага өрт чыгаруу үчүн да ширеңке жаккан деген да кине коюлган. Айыптоочу тарап аны “демонстранттардын” башчысы деп аташкан.

Прокурорлор Реффитти 15 жылга камакка алууну өтүнүшкөн. Адвокаттар ал мыйзамды бузганы менен өзү Капитолийге кирбегенин билдиришип, аны эки жылга камакка алууну суранышкан.

2021-жылдын 6-январында мурдагы президент, республикачы Доналд Трамптын тарапташтары АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имаратына бастырып киришкен. Аларды президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Трамп өзү үндөгөн болчу.

Тополоңдо беш адам, алардын ичинде полиция кызматкери каза болуп, 100дөй киши жараат алган. Алардын кол салуусунун айынан АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул отурумда Трамптын атаандашы, демократ Жо Байден 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкендиги биротоло бекитилгени жаткан.

Бул окуяны АКШнын прокуратурасы менен Конгресстин комитети иликтеген. Конгресс жүздөгөн адамдарды суракка алган. Башкы прокурор Меррик Гарланд 5-январда кабарлагандай, чабуулга байланыштуу 725 адамга айып тагылып, камакка алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Медведевдин жардамчысы СССР жөнүндө постту экс-президент жазбаганын билдирдиӨзбекстанда Twitter, WeChat жана ВКонтакте бөгөттөн чыгарылды3-августтун аба ырайыТүркия украин данын ташыган алгачкы кеме пландалгандан кечигип жатканын маалымдады