Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:16

Өзбекстанда Twitter, WeChat жана ВКонтакте бөгөттөн чыгарылды


Орусиялык VK (Вконтакте) социалдык желесинин логотиби.
Орусиялык VK (Вконтакте) социалдык желесинин логотиби.

Өзбекстанда Twitter, VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү жана WeChat мессенжери 1-августтан тартып расмий түрдө бөгөттөн чыгарылып, колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн президенттик администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги кабарлады.

Өзбек бийлиги кабарлагандай, учурда TikTok платформасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мекеме анын жыйынтыгы кошумча маалымдай турганын билдирди.

2021-жылдын 2-июлунда Өзбекстандын жарандарынын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу боюнча “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамынын негизинде айрым социалдык желелер чектелген болчу.

“Узкомнозорат” бул мыйзамдын алкагында Facebook, Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter жана Яндекс компанияларына эскертүү берип, Өзбекстандын мыйзамдарын аткаруу талабын койгон.

Натыйжада Skype, Twitter, TikTok, “ВКонтакте” жана WeChat бөгөттөлгөн. Былтыр жыл соңуна чейин Telegram, Facebook, YouTube жана “Одноклассники” желелери бул өлкөдө ишин токтоткон.

Өзбекстандын информатизацияга жана телекоммуникацияга көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик инспекциясы аталган социалдык түйүндөрдү жана мессенжерлерди субъектилердин жеке маалыматтар укугун бузгандардын реестрине киргизген. (ErN)

XS
SM
MD
LG