Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:42

Медведевдин жардамчысы СССР жөнүндө постту экс-президент жазбаганын билдирди


Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев менен азыркы президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев менен азыркы президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын мурдагы мамлекет башчысы Дмитрий Медведевдин жардамчысы Олег Осипов саясатчынын ВКонтакте желесиндеги СССРдин чек арасын калыбына келтирүү жөнүндө постуна түшүндүрмө берди. ТАСС маалымат агенттиги келтиргендей, Осипов бул постту экс-президент жазбаганын, анын баракчасын белгисиз адамдар бузуп салганын билдирди.

Медведевдин жардамчысы бул маселени ВКонтакте социалдык түйүнүнүн жана башка адистер иликтеп жатышарын, чара көрүлөрүн кошумчалады.

1-августтун кечинде Дмитрий Медведевдин баракчасында Орусия азыр Украинадагы аракеттери менен токтобой турганы, СССРдин чек арасын толук калыбына келтирери жазылган пост чыккан. Анда Грузиянын ордунда мурда мамлекет болбогону, Казакстандын аймагында жашаган орустар илгери “геноцидге” туш болуп, сүрүп чыгарылганы айтылган. Медведевдин атынан жазылган маалыматта, бул жана башка өлкөлөр Орусияга кайтарылары белгиленген.

Пост Медведевдин баракчасында канча турганы белгисиз, ал кийин өчүрүлгөн. Билдирүүнүн скриншоттору кийин башка баракчалар аркылуу тарап кеткен жана кызуу пикирлерди жараткан.

Президент кезинде либералдуу саясатчы имиджин курган Дмитрий Медведев Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин риторикасын кескин өзгөртүп, агрессивдүү аскердик позициялар менен чыгып келатат. Ал буга чейин СССРди ачык сындаган бирден-бир жогорку аткаминер болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG