Түркия украин данын ташыган алгачкы кеме пландалгандан кечигип жатканын маалымдады

Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.

Түркиянын бийлиги БУУнун ортомчулугу менен Украинадан чыккан дан ташыган биринчи кеме Стамбул шаарына пландалгандан кечигип жатканын, кеминде “түн ортосунан кийин” жетип келерин маалымдады.

Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган, Razoni деп аталган кеме 26 миң тонна жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан 1-августта Кара деңиз аркылуу жолго чыккан. Ал 2-августтан түштөн кийин Стамбулга келери айтылган эле. Бирок аба ырайына жана сууда миналар бар экендигине байланыштуу акырын жүрүп жатканы кеп болду.

Бул согуш башталгандан берки биринчи ирет украин дан азыктарын экспортко чыгаруу аракети. Түрк-украин тараптар башка кемелерге да жүк жүктөө жана жөнөтүү аракеттери уланып жатканын маалымдады.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол койгон.

Соңку келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек эле. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. (ErN)

Дагы караңыз

Медведевдин жардамчысы СССР жөнүндө постту экс-президент жазбаганын билдирдиУкраина АКШдан жалпы 16 даана HIMARS системасын алдыАКШ, Франция жана Британия Орусияны өзөктүк курал боюнча билдирүүлөрдөн карманууга чакырдыӨзбекстанда Twitter, WeChat жана ВКонтакте бөгөттөн чыгарылды