Акыйкатчы: Жоокердин жанындагылар ал суицидге барбай турган жигит болгонун айтышты

Калыс Абдыкабылов.

Аскерде каза болгон жоокер Калыс Абдыкабылов менен чогуу кызмат өтөгөндөр ал суицидге барбай турган жигит болгонун бир ооздон айтышканын 1-августта Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсесинен билдиришти.

Окуя болгон жерге акыйкатчынын өкүлү барып келгени, бөлүктүн башчысы, батальондун жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Күзөт департаментинин психологу, кароолдун башчысы, ошол түнү Абдыкабылов менен нөөмөттө чогуу болгон жана башка жоокерлер сүйлөшкөнү маалымдалды.

“Чогуу кызмат өтөгөндөрдүн айтымында, ал өз кызматын мыкты аткарган, мүнөзү жакшы жоокер болгон. Ал күнү жанында эч ким болбогондуктан эч ким эч нерсе айта алган жок. Бирок баары бир ооздон ал суицидге барбай турган жигит экенин баса белгилешти”, - деп айтылат Акыйкатчынын кеңсесинин маалыматында.

29-июлда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган жоокер, 18 жаштагы Калыс Абдыкабылов каза болгон. ЖАМК ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, өзүн өзү аткан деп билдирген.

Маркумдун жакындары анын өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылууда. Алар жоокер өзүн атып алды деген жүйөгө ишенбей жатышат.

Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Былтыр сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда аскер кызматын келишимдик негизде кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы аскер октон каза болгон. Окуяга байланыштуу "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголгон. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK)

Дагы караңыз

Кара-Кече кенинен көмүр ташуу башталдыБоомдо кайра сел жүрдүЧүйдө айылдаштардын чыры адам өлүмү менен аяктадыОрусияда Украинага ылым санаган мигранттар тескөөгө кабылды