Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Орусияда Украинага ылым санаган мигранттар тескөөгө кабылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын “кара тизмесине” түшкөн миңдеген кыргыз жарандарына жапырт миграциялык мунапыс берилүүдө.

Федералдык Миграция кызматына каттоого алынган чет элдиктердин саны бир жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул көрүнүш Орусияда ыктыярчыларды Украинадагы согушка азгырган жарыялар тарап жаткан мезгилге туш келгендиктен, тобокел кадамдардан этият болуу маселеси күн тартибине чыкты.

Миграциялык мунапыс

Баткен облусунун тургуну, 40 жаштагы Эмилбек Кадыров 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн учурда Москвадагы айдоочулук ишин таштап, Кыргызстанга – үйүнө кайткан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” экенин билген.

"Эмне себептен “кара тизмеге” түшкөнүмдү билбейм. Бул жакта эки жыл жеке ишканаларда айлыкка иштеп жүрдүм. Орусияда автобус айдайт элем".

Эмилбек жакында миграция кызматынын онлайн порталынан текшерип, аты-жөнү “кара тизмеде” жок экенин аныкталгандан соң кайрадан Москвага кетүүгө камынууда. Анткени, мекенинде жумушсуздук жана маянанын төмөндүгү аны чет элге кетүүгө мажбурлоодо.

"Ал жакта ишим дайын, кайра автобуста айдоочулук кылам",- дейт Эмилбек Кадыров.

Орусияда админстративдик укук бузуулардан улам депортацияланган 47 миңдей кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылганы июлда белгилүү болду. Дагы 27 миң кишиге миграциялык мунапыс берүү маселеси каралып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлда билдирген.

"Кара тизмеден" мигранттарды жапырт чыгаруу жараяны Орусияда Украинадагы согушка катышуу үчүн жалданмалардан турган “Ыктыярдуу батальондор” түзүлө баштаганы тууралуу маалыматтар орус медиасында байма-бай чыгып жаткан учурга туш келди. Жакында эле “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан, чоң өлчөмдө эмгек акы убада кылган орусиялык жеке менчик аскердик компаниялар тууралуу жазган.

Ал тапта Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин Демография инстутутунун изилдөөсүнө караганда, 2022-жылдын май айына карата Орусиядагы тажикстандык мигранттардын саны 56%, өзбекстандыктар 37%, кыргызстандыктар 9% көбөйдү.

Тобокелдик жана коопсуздук

Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиева мындай жагдайда мигранттар согуштук аракеттерге аралашпай, тобокел кадамдардан этиятташы керектигин белгилейт. Анын айтымында, Орусия мигранттарды жапырт "кара тизмеден" чыгаргандан тышкары, жарандык алууну жеңилдетип койгону да кооптуу көрүнүш болууда:

Жамила Бегиева
Жамила Бегиева

"Албетте, чечимди ар бир адам өзү кабыл алат. Ошентсе да, кыргыз өкмөтү миграцияга кетип жаткандарга алар кабылышы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды, тобокелдиктерди эскертип турууга тийиш. Бирок биздин өкмөт антип айта албайт сыягы".

Азырынча кыргыз бийлиги Орусияга кетип жаткандарга бул жаатта кандайдыр кайрылуу жасай элек.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги укук коргоо органдары текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын эскертип, мигранттарды орус мыйзамдарын так сактоого жана ал өлкөдө жашап, иштөө укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүгө, такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырды. "Азаттык" бул эскертүүнүн чоо-жайын сурап элчиликке кайрылып, басма сөз кызматынан "айрым жарандар такталбаган маалымат таратып жатканы үчүн" деген мазмундагы жооп алды.

Бир нече күн мурда Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги да жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган.

“Мигрант моби” порталынын негиздөөчүсү, өзбекстандык Батыржан Шермухаммеддин байкоосуна караганда, Орусияга кирип жаткандардын телефондору, социалдык тармактагы баракчалары катуу көзөмөлдөнүүдө:

"Фейсбук же башка социалдык түйүндө кайсы бир нерсеге лайк басканбы, Телеграмда Украинага байланыштуу каналдарга жазылганбы же жокпу, текшерилип жатат".

Орусиянын Ички иштер министрлиги эмгек мигранттары 2022-жылдын алгачкы алты айында көбөйүп, 6,6 миллион кишиге жеткенин маалымдады. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 3,9 милллион эле. Алардын 91% КМШ мамлекеттеринин жарандары түзөт. “Ведомости” басылмасы чет элдиктер жапырт Орусиядан чыгып кетип жатканын, иштеп калган мигранттардын басымдуу бөлүгү борборазиялыктар экенин жазды.

Буга чейин айрым эксперттер эл аралык санкциялардан улам орус саясатчыларынын мигранттарга карата риторикасы оң тарапка өзгөргөнүн, анткени, мигранттар Орусияны колдогон, бери дегенде Украинага жасалган баскынчылыкты сындабаган катмар экенин айтышкан.

Сергей Абашин
Сергей Абашин

Бирок Санкт-Петербургдагы Европа университетинин Антропология факультетинин профессору Сергей Абашин “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде Орусиядагы мигранттар баарыбир басым астында кала берерин белгилеген:

"Мигранттардын көбү саясаттан алыс. Себеби, алар саясат менен алектенүүгө эмес, иштегени келишет. Саясий темалардагы жигердүүлүк алар үчүн кооптуу. Анткени, алар дайыма укук коргоо органдарынын, коомдун админстративдик жана ксенофобиялык басымынын астында болушат".

2022-жылдын май айынын аягында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” Кыргызстандын 82 миңдей жараны бар экени кабарланган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов февралда Москвада Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканда кыргыз жарандарына миграциялык муныпас берүү маселесин көтөргөн.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант иштейт. Алардын ичинен орус паспортун алгандардын саны жарым миллионго чукул.

XS
SM
MD
LG