Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:39

Кара-Кече кенинен көмүр ташуу башталды


Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 1-августта Кара-Кече көмүр кенинен республиканын түштүк аймагына көмүр ташуу башталганын “Кыргызкөмүр” ишканасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өз алдынча иштеген айдоочулар ташыган көмүр калкка сатыкка коюлат жана Бишкек шаардык Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) берилет.

Ишкана калкка көмүрдү азыртан баштап сатып алып, кышка даярдык көрүү керек экенин эскертип, учурда Кара-Кече кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турганын билдирди.

“Эске сала кетсек, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт. Бул бааны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги койгон”, деп айтылат “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматынын маалыматында.

2021-жылы суук түшкөнү Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 6-7 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сомдон сатыла баштаган. 15-ноябрда президент Садыр Жапаров көмүр Бишкекте 3 миң сомдон сатыларын билдирген жана ошондон кийин шаарда эки кампа ачылып, көмүр ушундай баада сатыла баштаган. Бирок ага кезек күткөндөр өтө көп болгондуктан кымбат көмүр сатып алууга мажбур болуп жатышканын кардарлар социалдык түйүндөр аркылуу билдиришкен. Айрым айдоочулар 3 миң сом деген баа алардын чыгашасын жаппай турганын айтып чыгышкан. “Кыргызкөмүр” муну ортомчулардын көмүрдү кымбат сатуу аракети деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG