Камактагы активисттерди бошотууну талап кылган акция өтүүдө

Бишкек шаардык сотунун алдындагы акция. 2022-жылдын 1-августу.

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаардык сотунун алдында камактагы жарандык активисттерди бошотууну талап кылган акция өтүп жатат. Акциянын катышуучулары колуна “Саясий туткундардын укугун коргоо комитети эскертет! Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла”, “Адилетке боштондук”, “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазууларды кармап турушат.

Алар Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) күнөөсү жок экенин айтып, аларга карата куугунтук жүрүп жатат деген оюн билдиришти.

Активист Бурул Усманалиева Адилет Али Мыктыбекке тагылып жаткан айыпты жасалма жана фальш деп атады:

Активист Бурул Усманалиева.

“Анткени башаламандыкка чакыруу деген күлкүлүү нерсе. Эгер ошондой күнөөсү бар болсо азыр сот ачык болот эле. Азыр кимибиз болсок да жакпай калган суроону айтсак эле башаламандыкка чакырды деген үңкүрдө жашагандай заман болуп жатат. Кайсы киши болбосун, оюн эркин айтса эле юридикалык жактан болбогон бир нерсени ойлоп, камап коюп жатышат”.

Шаардын сотто бүгүн Адилет Али Мыктыбектин бөгөт чарасы боюнча отурум өтүүдө.

Ал 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.

Райондук милиция активист Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген, бирок кайсы башаламандык тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган эмес.

27-июлда Биринчи Май райондук соту активисттин камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Ал күнү сотто "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, Адилет Али Мыктыбек коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп атаган жана эркин өлкөнүн жараны болгонуна карабастан пикири үчүн камалып отурганын айткан.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Али Мыктыбек акыркы бир нече айда "Фейсбуктагы" баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. (RK)

Дагы караңыз

Таласта 11 жаштагы өспүрүм ок атуучу куралдан каза тапты Спортчулар таэквондо боюнча Дүйнө чемпионатында эки алтын, төрт күмүш утуштуХорватияда кармалган кыргызстандык боюнча иш жүргүзүлүүдөМосквада өрттөн каза тапкандардын экөө өзбекстандык экени маалым болду