Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Москвада өрттөн каза тапкандардын экөө өзбекстандык экени маалым болду


Москва шаарындагы хостелде 28-июлда чыккан өрттүн кесепети.
Москва шаарындагы хостелде 28-июлда чыккан өрттүн кесепети.

Орусиянын Москва шаарындагы хостелде чыккан өрттөн улам каза болгондордун экөө Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Podrobno.uz басылмасы Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигине таянуу менен кабарлады.

Алардын бири 36, экинчиси 19 жашта экени, экөө тең эмгек мигранттары болгону такталды. Агенттик аларды мекенине кайтаруу иштерин алып барууда.

28-июлдан 29-июлга оогон түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн сегиз адам каза тапкан. Каза тапкандардын баары мигранттар экени айтылган. Өрт болуп жаткан учурда 200дөй адам имараттан эвакуацияланган.

Кийинчерээк Москванын прокуратурасы өзүнүн Телеграм каналында мерт болгондордун аты-жөнү аныкталганын кабарлаган. Мекеме алар 19, 33, 35, 36, 38, 60 жаштагылар экенин тактаган. Кийин орусиялык “Интерфакс” маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен каза болгондордун ичинде Орусиянын, Беларустун, Өзбекстандын жана Азербайжандын жарандары бар экенин жазган.

Кырсык боюнча Орусиянын тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. Алгачкы текшерүүлөр хостел өрттөн сактануу эрежелерин сактабай келгенин аныктады. Жалын электр кубатынан чыккан болушу ыктымал. Ал эми терезелерге коюлган темир торлор жана өрт тууралуу кеч жеткен маалымат көп кишинин каза болуусуна себеп болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG