Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

Таласта 11 жаштагы өспүрүм ок атуучу куралдан каза тапты


Кыргызстанда мыйзамсыз сакталган куралдар. Сүрөт архивден.
Кыргызстанда мыйзамсыз сакталган куралдар. Сүрөт архивден.

Манас районунун Нылды айылынын 11 жаштагы тургуну ок атуучу куралдан каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-июлда күндүзгү саат 11:00 чамасында болгон. Териштирүү учурунда өспүрүм 15 жаштагы баланын колунан каза тапканы аныкталган. Шектүү ок атуучу куралды сакталып турган жеринен эч кимге айтпай, ойноп алып чыгып, ошол жерде балдар менен жарышып баратып, эшектин үстүнөн колундагы мылтык кокустан атылып кеткенин билдирген.

Учурда аталган курал кимге таандык экени такталып жатат. Окуя боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин ("адам өлтүрүү") 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды мамлекетке кайтарып, каттоо иштери жүрүп турат. Мындан тышкары ири саясий окуларга тушташ тополоңдор маалында уурдалган куралдар эл ичинде сакталып кала берген учурлар бар. (MKt)

XS
SM
MD
LG