Чехиялык жана германиялык өрт өчүрүүчүлөр жекшембиден бери чек арага жакын жердеги улуттук паркты чалган өрт менен күрөшүп келатышат.
Чех аймагында бир нече айыл тургундары, Германияда туристтик лагерлер эвакуацияланды. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.
Чехия тарапта өрт 300 гектар аянтка жайылды. Түтүн ал жерден 130 чакырым алыс жайгашкан борбор шаар Прагага чейин жетүүдө. Польша, Словакия жана Италия суу чачыраткан тик учактарын жөнөтүп жардам берип жатышат.
Усти облусунун башчысы Ян Шиллер тилсиз жоо менен 500 өрт өчүрүүчү алпурушуп жатканын айтты. Чехиянын Чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчиси өрттү качан ооздуктай аларын айтуу азыр кыйын деп билдирди.
Өткөн аптада Европаны каптаган адаттан тыш ысык бир катар жерлерде өрттүн тутанышына алып келди.
Дагы караңыз
13 жаштагы кызга байланыштуу соттук териштирүүлөр уландыБорбор Азиядан Орусияга ташылган долларКыргызстан менен Тажикстандын президенттери телефондон сүйлөштүБийликти сындаган блогердин камак мөөнөтү дагы бир айга узардыМинистр саясатчыларды далилсиз пикир айтуудан карманууга чакырдыБлогер Адилет Балтабай жарандык пикири үчүн камалганын айтты