Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Министр саясатчыларды далилсиз пикир айтуудан карманууга чакырды


Юстиция министри Аяз Баетов.
Юстиция министри Аяз Баетов.

Юстиция министри Аяз Баетов айрым саясатчылар жана аткаминерлердин далилсиз пикирлери эл аралык соттордо Кыргызстанга каршы колдонулуп жатканын билдирди.

Бүгүн, 27-июлда министрликтин өткөн жарым жылдагы иши тууралуу маалымат берип жатып Баетов саясатчыларды пикир айтууда этият болууга чакырды.

"Себеби алардын айткан пикирлери эл аралык соттук териштирүүлөрдө Кыргызстанга каршы колдонулуп жатат. Маселен, "РусГидро" менен болгон соттук териштирүүдө факты жок айтылган саясатчылардын комментарийлери өзүбүзгө каршы далил катары колдонулду", - деди.

Бирок министр кайсы аткаминер же саясатчы тууралуу айтканын тактаган жок.

18-июлда Орусиянын «РусГидро» ишканасынын Кыргызстанга каршы доосуна байланыштуу арбитраждык чечим чыкканын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Гонконгдогу Эл аралык арбитраждык борбор «РусГидронун» Жогорку Нарын гидроэлектр станциялар каскадынын курулушу боюнча долбоорго байланыштуу доосун жарым-жартылай канааттандырган. 2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак.

Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусия тараптан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган. (BCh)

XS
SM
MD
LG