Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери телефондон сүйлөштү


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Ата шаарындагы кеңешме маалында. 2022-жылдын 21-июлу.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Ата шаарындагы кеңешме маалында. 2022-жылдын 21-июлу.

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, анда "эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды".

Мындан тышкары өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушкан. Жапаров менен Рахмон эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты, боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашканы да маалыматта белгиленген.

Эки президент акыркы ирет быйыл 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмесинде жолуккан. Жыйынга катышкан чөлкөмдөгү Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге" кол коюшкан.

Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери мамлекеттериндеги ички процедуралык маселелерден улам аталган келишимге кол койгон эмес. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Рахмон менен Бердымухамедов ички процедуралардан кийин аталган келишимге кол коюшарын "Азаттыкка" билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара биротоло такталып бүтө элек. Чектеш аймактарда суу, жер, жайыт, жол талаштардан улам байма-бай чыр-чатак чыгып турат.

2021-жылдын апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кандуу кагылышуу болгон. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге жарандар да жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер баштаган курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда чек арада кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жаракат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажикстандык набыт болуп, дагы 10 адам ооруканага жатканын жазган. 12-апрелде чек арада дагы ок атышуу болгон.

21-июлда Чолпон-Атадагы кеңешмеге катышкан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия чөлкөмүндө чек арада октун үнү жаңырып турганы жакшы иш эмес экенин айтып, расмий Нур-Султан маселени чечүүгө жардамдашууга даяр экенин билдирген. (КО)

XS
SM
MD
LG