Блинкен Армения менен Азербайжанга АКШнын арачылыгын сунуш кылды

Тоолуу Карабак, 16-апрель 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Армения менен Азербайжандын өз ара мамилелерин оңдоо үчүн Вашингтондун жардамын сунуш кылды.

Блинкен 25-июлда эки өлкөнүн жетекчилери менен телефондон өз-өзүнчө сүйлөшкөндө Армения менен Азербайжан "аймакта тынчтык орнотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө ээ болгонун" айтты. Бул тууралуу америкалык Тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирди. Анын айтымында, мамкатчы "регионалдык транспорт жана коммуникациялык байланыштарды жеңилдетүүдө АКШнын көмөгүн сунуш кылды".

Блинкен ошондой эле армян премьер-министри Никол Пашиняндын Ереван менен Анкаранын алакаларын жакшыртуу аракеттерин кубаттады.

Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап, региондо тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу багытында мындан ары да алга жылууга чакырды.

Алиев менен Пашинян май айында Еврошаркеттин арачылыгы менен уюштурулган жолугушууда болочок тынчтык келишмин кеп кылышкан. 16-июлда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Грузияда кездешкен.

Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул эки коңшулаш мамлекеттин алакасы чыңалып турат.

Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтык келишимине ылайык, Азербайжан кайтарып алган жерлерди сактап калып, чөлкөмгө орусиялык эки миңдей бейпилдик күчтөрү жайгаштырылган.

Дээрлик 30 жыл бою этникалык армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабакты эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныйт.

Дагы караңыз

Депутат Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу видеого түшүндүрмө бердиКазак Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдөАкылбек Жапаров "Сбербанк" жетекчисинин чакыруусу боюнча Москвага бардыАба ырайы: жамгыр жаабайт