Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Аба ырайы: жамгыр жаабайт


Сары-Челек.
Сары-Челек.

27-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 36…41;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 37…42;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Бийик тоолордо түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 39…41 градус ысык болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 29…31° болот.

XS
SM
MD
LG