Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Казак Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө


Викрам Рузахунов Акыйкатчынын кеңсесинде. 2022-жылдын 14-февралы
Викрам Рузахунов Акыйкатчынын кеңсесинде. 2022-жылдын 14-февралы

Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду Алматыга чакырып, маалымат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин көзөмөл органына таянып "Тенгри ньюс" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-февралынан тартып Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

19-февралда тергөө Рузахуновду жабырлануучу деп тааныган.

"Бүгүнкү күндө Алматы шаарынын, Алматы облусунун полиция департаментинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана дарыгерлер суракка алынууда. Ошого карабай бир катар себептерден улам, атап айтканда видео тасманын, суракка алынгандарды жана кармалгандарды каттоо журналынын жоктугу, кызматкерлер беткап менен, анын ичинде медициналык беткап менен жүргөндүктөн, шектелүүчүлөрдү аныктоого мүмкүн болбой жатат", - деп айтылат Казакстандын башкы прокуратурасынын маалыматында.

Ошону менен катар Викрам Рузахуновго байланыштуу окуяга катышы бар делип боолголонуп жаткан кызматкерлердин баарынын сүрөттөрү суратылды.

"Рузахуновдун өзү болсо буга чейин бир нече ирет тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылган. Азыркы тапта коопсуздук кепилдиги менен анын келишин камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - деп кошумчаланат Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында.

Буга чейин Викрам Рузахуновдун жактоочусу Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" Казакстандын тергөө органдарынан чакыруу алышканын, бирок, музыканттын коопсуздугу тийиштүү деңгээлде камсыздалбаса Алматыга баруу планда жок экенин айткан.

Быйыл жыл башындагы Казакстандагы нааразычылык акциялары маалында - 7-январда Викрам Рузахунов Кыргызстанга келаткан маалда коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалып, сабалган болчу. Анын видео кайрылуусу чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын билдирген. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жаракат алганын тастыкташкан. (KO)

XS
SM
MD
LG