COVID-19: Бир аптада миңге чукул бейтап катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир апта ичинде, 18-июлдан 24-июлга чейин, COVID-19 менен 981 бейтап катталды, алардын 128и соңку бир күндө аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 71и ооруканада, калган 910у үйүндө дарыланууда.

COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын апрель айында оору дээрлик катталбай калган, май айында кайра каттала баштаган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп болду. (RK)

Дагы караңыз

Иран: уран байытууну көзөмөлдөгөн камералар келишим түзүлмөйүнчө күйгүзүлбөйтОкуучулар бара-бара бирдиктүү формага өтүшү керек экени айтылдыЖаңы стадионду Орок айылынын тушуна куруу каралуудаДача СУ: комиссия мамлекеттик органдардын маалыматын угат