Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Жаңы стадионду Орок айылынын тушуна куруу каралууда


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Бишкекте жаңы стадионду Түштүк магистралынын өйдө жагына, болжол менен Орок айылынын тушуна куруу пландалып жатканын бүгүн 25-июлда журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Азырынча курулуштун орду так аныктала электигин билдирген министр жакында долбоордун наркы белгилүү болорун, пайдубалына капсула орнотуу иш-чарасына президент катышарын, жаңы стадион 23 миң көрүүчүгө эсептелерин айтты.

Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу быйыл август айында башталарын мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин билдирген.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (RK)

XS
SM
MD
LG