Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр алтын кенине байланыштуу келишим боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу 25-июлда “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Бардык сүйлөшүүлөр жол-жоболорго ылайык жүрүп жатканын белгилеген Султанбаев жыйынтыгы боюнча коомчулукка сөзсүз маалымат берилерин кошумчалады.
"Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз кызматкери Назира Ахмедованын айтымында, бүгүн "Центерра Голддун" акционерлер жыйыны онлайн форматта өтөт. Анда кайсы маселелер каралары айтылган жок.
2021-жылы май айында “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган.
2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине өткөрүлүп берилген.
Апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.
Май айында президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөр боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирерин айткан. 10-майда мамлекет башчысы кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.(EBM/RK)
Дагы караңыз
Европалык банк Казакстанга Орусияны кыйгап өткөн жолду өнүктүрүүгө кредит беретАта-энеси миграцияда жүргөн жүз миңдей бала аныкталды Мьянмада аскердик хунта төрт активистти өлүм жазасына тарттыКыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин саны 240тан ашты