Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Европалык банк Казакстанга Орусияны кыйгап өткөн жолду өнүктүрүүгө кредит берет


Кытай-Казакстан чек арасына жакын жердеги Алтынкөл станциясы. 26-октябрь 2021-жыл
Кытай-Казакстан чек арасына жакын жердеги Алтынкөл станциясы. 26-октябрь 2021-жыл

Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын облигацияларына 50 миллиард тенге (100 миллион доллар) салат. Банктын сайтындагы маалыматка караганда, бул – компаниянын “финансылык туруктуулугу” жана “Европа менен Азияны байланыштырган альтернативдүү маршрутту модернизациялоо” үчүн жасалаууда.

Банк инвестиция “Казакстан темир жолуна” пандемиянын жана дүйнөдө болуп жаткан геосаясий окуялардын кесепеттерин жоюу үчүн антикризистик чараларды ишке ашырууга жардам берерин билдирди.

Улуттук компания каражатты Орусияны кыйгап өткөн Транскаспий эл аралык маршрутунун боюндагы инфраструктураны заманбап кылуу иштерине жумшоого тийиш.

Буга чейин Кытай менен Евробиримдик ортосундагы жүктүн 95 пайызы Казакстан, Орусия жана Беларусту кесип өткөн жол менен ташылчу. Банктын маалыматында айтылгандай, эл аралык жүк ташуучулар акыркы кездерде Орусияны алмаштыра турган маршруттарды издегендиктен, Казакстанды Азербайжан, Грузия жана Түркия менен туташтырган коридорго кызыгуу артууда.

Украинага басып киргени үчүн Батыш Орусияга санкция салгандан бери Казакстанда альтернативдүү логистикалык маршруттарды түзүү чакырыктары көбөйдү.

Ай башында Каспий куур консорциумунун иши убактылуу токтойт деген кабардан кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG