Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:04

Мьянмада аскердик хунта төрт активистти өлүм жазасына тартты


Индияда жашаган мьянмалыктардын аскердик төңкөрүшкө каршы акциясы. 22-февраль 2022-жыл
Индияда жашаган мьянмалыктардын аскердик төңкөрүшкө каршы акциясы. 22-февраль 2022-жыл

Мьянманын аскердик хунтасы эл аралык коомчулуктун айыптоосуна карабай демократиячыл төрт активисттин өлүм жазасын ишке ашырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Аларга былтыр аскерлер бийликти колуна алгандан кийинки тополоң учурунда армияга каршы зомбулукка катышкан деген айып тагылган.

50 жылдан бери өлкөдө бул жогорку жаза колдонула элек болчу. Бир катар уюмдар, БУУнун эксперттери активисттердин өмүрүн сактоого чакырып келген.

Өлүмгө тартылгандар арасында бийликтен төңкөрүлгөн Аун Сан Су Чжинин партиясынын мүчөсү, мурдагы мыйзам чыгаруучу Фио Зейя Тоу, активист Чжо Мин Ю бар. Калган экөө хунтанын тыңчысы деген аялды өлтүрүү үчүн айыпталган.

Саясий туткундарга жардам берген уюмдун маалыматына караганда, былтыркы төңкөрүштөн кийин 2 миң 100дөн көп киши коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму активисттердн өлүм жазасына тартуу менен Мьянма бийлиги хунтанын кутумуна каршы чыккандарды ооздуктоону максат кылууда деп билдирди.

XS
SM
MD
LG