Мигранттардын 5,5 миңдей баласы эч туугандыгы жок адамдардын колунда чоңоюуда

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын билдирди. Мекеменин 22-июлда өткөн коллегиялык жыйынында айтылгандай, бул көрсөткүч былтыр1,5 миңди түзгөн.

Жалпысынан ата-энеси мигрант болуп жүргөн 88 миң бала аныкталганы, алардын 73 миңиники ата-энеси башка өлкөлөрдө, 14 миңиники Кыргызстандын ичинде экени аныкталды. Үймө-үй кыдыруу 149 миңдей түтүндү камтыды.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны учурда чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. Укук коргоочулардын айтымында, түрдүү зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси жанында жоктор болууда. (RK)

Дагы караңыз

Борбор Азия: Улуу Жибек жолун кайра куруу дымагыУлуттук банк: Насыя бергендер жана алгандар мамилесине кийлигише албайбызЧек ара: Дүйшөмбү менен Бишкек мунаса тапкан тилкелер"Уландын ишин уланткыла"