Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Улуттук банк: Насыя бергендер жана алгандар мамилесине кийлигише албайбыз


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк бүгүн 22-июлда билдирүү таратып, коммерциялык банктар менен алардан насыя алган кардарлардын ортосундагы келишимдик мамилелерге кийлигишүүсүнө укугу жок экенин эскертти. Мекеме насыя берген жана насыя алган тараптардын ортосундагы мамиле жарандык-укуктук негизде экенин жана алар ич ара сүйлөшүү же соттук териштирүү жолу менен гана чечилиши зарылдыгын билдирди.

Бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калтырылбай турганын эскерткен башкы банк кардарлары арызданган банктар же каржылык-насыялык уюмдар боюнча ыйгарым укуктар алкагында сөзсүз териштирүү жүргүзүлөрүн кошумчалады. Бирок, мекеме белгилегендей, арыздардын көбү соттун акыркы чечими чыгып калгандан кийинки фактыларга байланыштуу болууда, ал эми Улуттук банк соттордун ишине кийлигишие албайт, алардын чечимдерин жокко чыгаруу укугу да жок.

Кечээтен бери Улуттук банктын алдында өзүлөрүн “коммерциялык банктардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар” деп тааныштырган бир топ адам митинг өткөрдү. Алар коммерциялык банктан же чакан насыя берген уюмдан алган насыясы түрдүү себептен улам убагында төлөнбөй калганы үчүн үй-мүлкүнөн ажырап жатканын айтып, бул үчүн Улуттук банкты тийиштүү көзөмөл жүргүзбөй, аларды калкалап жатат деп айыпташты.

Улуттук банктын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери аларга жазуу түрүндө 566 арыз түшкөн. 649 кардарга түрдүү кеп-кеңеш берилген.

Кыргызстанда жыйырмадан ашуун коммерциялык банк бар, аларды Улуттук банк көзөмөлдөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG