Орусия "Түндүк агым-1" кууру аркылуу Европага газ берүүнү жандантты

Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлардын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык "Газпром" компаниясы 21-июлдан тартып "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн жандантты. Куур 11-июлда токтотулган жана турбиналарды оңдоо иштерине байланыштуу 10 күн иштебей турганы айтылган эле.

Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн бийликтери акыркы убакка чейин жумуштар аяктаганына карабай Орусия газды бербей коюшу мүмкүн деп чочулап келишкен. Бул Европада кризис жаратышы мүмкүн эле.

Газ берүү жанданганы менен ал адаттагы көлөмдүн 30% деңгээлинде гана берилип жатканы кабарланды. Орусия мурдараак көлөмдү 40% чейин кыскарткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, "Түндүк агым-1" газ кууру менен Европага көгүлтүр отун жеткирүү июлдан тартып кыскарарын эскерткен. Путиндин сөзүнө караганда, келерки аптадан тартып орусиялык "Газпром" монополист компаниясы газды сордурган агрегатын оңдоого жиберет. Ал мунун ордун толтуруу үчүн Германиянын бийлиги токтотуп койгон "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү сунуштаган.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Дагы караңыз

Баткен: Журналисттин өлүмү боюнча сотко жабыркаган тарап келген жок Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу: келишимге үч президент кол койдуАКШ Украинага аскердик учактарды берүү маселесин караштыруудаКазакбаев: Борбор Азияга күчтүү саясий-экономикалык бирикме керек БУУнун Шинжаң боюнча баяндамасын жарыялоого Кытай каршы чыкты