Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Баткен: Журналисттин өлүмү боюнча сотко жабыркаган тарап келген жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып абакта отурган блогер Батмакан Жолболдуеванын 21-июлга белгиленген соту жабыркаган тарап катышпагандыктан башка күнгө которулду. Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 28-июлга белгиленди. Иш Баткен райондук сотунда каралууда.

Жолдубаева Жалал-Абаддагы тергөө абагында отурат. Ош облустук ички иштер башкармалыгы ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Ээнбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

37 жаштагы Галымбетова быйыл 25-мартта Баткенде өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

"Ютубда" 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарларды сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген.

XS
SM
MD
LG