Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

БУУнун Шинжаң боюнча баяндамасын жарыялоого Кытай каршы чыкты


БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жолугушуусу. 23-май, 2022-жыл.
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жолугушуусу. 23-май, 2022-жыл.

Кытай Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелеттен Шинжаң-Уйгур автоном районундагы адам укуктарынын бузулушу боюнча баяндамасын жарыялабоону талап кылды. Бул тууралуу кытай дипломаттарынын жазган катында айтылганын анын мазмуну менен таанышкан Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Жаңы баяндамада Кытайдагы уйгур азчылыгынын соңку үч жылдагы абалы жөнүндө эксперттер тобунун изилдөөлөрү камтылган. Бачелет аны 2022-жылдын августунун аягында өзү кызматтан кеткенге чейин жарыялоого убада берген.

Кытай дипломаттары жазган катта баяндамага “олуттуу камтамачылык” айтылган.

“Биз башкы комиссар айымды мындай бааны таптакыр жарыялабоого чакырабыз”, – деп айтылат алардын катында.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет май айында өзү да Шинжаңга барып кеткени белгилүү. Кийин ал аталган райондо жүргөн учурда камакка алынган уйгур жана башка этностун өкүлдөрү менен жолуга албаганын айткан. Анын сапарын жергиликтүү аткаминерлер коштоп жүргөн.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейинки адамдар бар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланддар, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген. АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжинди "уйгурларга каршы геноцид кылып жатат" деп айыпташкан.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG