АКШ Украинага аскердик учактарды берүү маселесин караштырууда

Кошмо Штаттарынын өндүрүшүнөн чыккан аскердик учактар (истребитель).

Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү Батыштагы фирмаларда чыгарылган жаңы аскердик учактарды Украинага берүү маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу АКШнын Аба-аскердик күчтөрүнүн штабынын башчысы, генерал Чарльз Браун кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, Украинага америкалык, швециялык, франциялык жана европалык компаниялар биргелешип чыгарган истребителдерди (тез учуучу аскердик учактар) жеткирүү маселеси талкууланууда.

"Башкысы, орусиялык учактар жөнөтүлбөйт", – Чарль Браун.

Мындай талкуулар Кошмо Штаттардын расмий позициясынын өзгөрүшүнөн кабар берет. Мартта Польша өзүнүн арсеналындагы советтик МиГ учактарын Украинага берип, анын ордуна америкалык F-16 учактарын алуу планын сунуштаган. Вашингтон бул алмашуу Украинадагы жаңжалды тереңдетип жибериши мүмкүн экенин билдирип, андан баш тарткан.

Украин учкучтарын батыш аскердик учактарына ылайыктап машыктырууну мурдараак америкалык мыйзам чыгаруучулар колдогон. Өткөн аптада Конгресс буга каражат бөлгөн.

Пентагондо буга байланыштуу эч кандай чечим кабыл алына элек. Чарльз Браундун айтымында, аскердик учактарды берүү боюнча талкуу “Украинаны кайсы багытка карап жылгысы келерине” байланыштуу уланышы мүмкүн. (ErN)

Дагы караңыз

Казакбаев: Борбор Азияга күчтүү саясий-экономикалык бирикме керек БУУнун Шинжаң боюнча баяндамасын жарыялоого Кытай каршы чыктыЖаныбек Оморов: "Камбар-Ата-1" ГЭСи Борбор Азияга пайдалуу долбоор Борбор Азия лидерлеринин бешинчи жыйынына Тажикстан төрагалык кылат Next TVнын директорунун соту боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдонду