Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:08

Next TVнын директорунун соту боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдонду


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

NextTVга ээлик кылган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков чет элдик элчиликтердин жана эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн телеканалдын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин сотуна мониторинг жүргүзүүгө чакырды.

21-июлда жарыялаган кайрылуусунда Жээнбеков Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын белгилеп, буга эч күнөөсү жок Дүйшөмбиевдин абакта отурганын мисал келтирди.

Саясатчы директордун камалышына телеканалдын Украинадагы согушту Орусиянын агрессиясы катары чагылдырганы, ал Кыргызстандагы эркин, көз каранды эмес маалымат каражаты катары таанылып калганы жана демократиялык оппозициянын лидерине таандык болгону себеп деген жеке пикирин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага “Улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып тагылганын анын адвокаты 29-июнда маалымдаган.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму бүгүн, 21-июлда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG