"Газпром" Европага газ жеткире албай калышы мүмкүндүгүн эскертти

Орусиянын "Газпром" компаниясы

Орусиялык "Газпром" компаниясы “андан көз каранды болбогон өзгөчө кырдаалдарга” байланыштуу газ жеткире албай калышы ыктымал экенин Европадагы кардарларына эскертти. Бул тууралуу Reuters жана Bloomberg басылмалары компаниянын катына таянуу менен маалымдады.

Мында кеп "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга жана андан ары башка жакка газ жеткирүү маселеси жөнүндө болуп жатат. Компаниянын каттындагы форс-мажорду куурдун турбиналары оңдолуп бүткөн соң, 21-июлдан кийин “Газпром” газ берүүнү жандантпайт деп түшүнүштү.

Орусия 11-июлдан тартып "Түндүк агым" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн токтоткон. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени жана ага чейин эки турбина бузулганы айтылган. Ушул күндөрү Канада куурдун турбиналарын оңдоп бүтүп, кайра кайтарган.

Ага карабай Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газ берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Мындай жагдай Европада кризис жаратышы мүмкүн.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Дагы караңыз

Зеленский украин аскерлери орус күчтөрүн артка сүрүп жатканын билдирдиКаракалпакстандагы акцияларда өлгөндөрдүн саны 21ге жеттиЫсык-Көлдө эки эс алуучу чөгүп кетти, төрт жашар кыз изделүүдөБолот Темировдун сотунда айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берүүдөКиев тыңчылык кылгандардын артынан түштү