Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:57

Зеленский украин аскерлери орус күчтөрүн артка сүрүп жатканын билдирди


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын аскерлери Батыштын заманбап куралдарынын жардамы менен Орусиянын күчтөрүн акырындык менен артка сүрө баштады. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда билдирип, алардын аскерлери эми баскынчыларды “сезилерлик жоготууга” учуратууга жөндөмдүү болуп калганын айтты.

“Биздин Куралдуу күчтөрүбүз оккупанттарга логистикалык чоң жоготууларга алып келе турган соккуларды жасай алды. Орусиянын армиясына басып алынган аймактарды кармоо күндөн-күнгө оор болуп баратат. Биз акырындан алдыга жылып жатабыз, оккупанттардын өзүн-өзү камсыздоосун жок кылып жатабыз, алар менен кызматташкандарды аныктап, жок кылып жатабыз. Буюрса баары алдыда, биздин ар бир айылда жана шаарда украин желеги желбирейт. Ага болгону убакыт керек”, – деди президент билдирүүсүндө.

Владимир Зеленский өз маалыматында, ушул күнгө чейин орус күчтөрү басып алган 1028 калктуу конушту бошотушканын, дагы 2621 айыл-шаар Орусиянын көзөмөлүндө турганын тактады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужний HIMARS сыяктуу алыскы аралыкка ата турган артиллериялык куралдардын “өз убагында келиши” согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртүп жатканын, алар акырындык менен коргонуудан чабуулга өтүп жатышканын билдирди.

Украин күчтөрү мурда дагы орус аскерлеринин командалык пункттарына жана кампаларына чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерде жасалчу же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салышчу. Июндун аягынан бери фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Ушу кезге чейин Киевге аталган техникадан сегиз даана келип түшкөн, Вашингтон дагы төртөөнү жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG