Мурдагы күйөөсү бычактаган келиндин абалы оор

Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы акциялардын биринде.

Бишкекте мурдагы күйөөсү бычактап кеткен келиндин абалы туруктуу оор экенин бүгүн 19-июлда "Азаттыкка" Улуттук хирургия борборунан билдиришти. Дарыгерлердин айтымында, келиндин өпкөсүнө жана ашказанына көбүрөөк залал тийген.

Операция жасалып, азыр ал эсине келип, тамак иче баштады, бирок абалы оор.

Окуя 16-июлда Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында болгон. Милициянын маалыматына караганда, 38 жаштагы келин кечке жуук соода жайын жаап жаткан маалда бирөө келип 16 жолу бычак сайган. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 49 жаштагы мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган.

Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Күйөөсү аялын бычактаган дагы бир окуя эртеси күнү Нарын облусунун Кочкор районунда да катталган. Денесинен жаракат алган келин райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Көп өтпөй күйөөсүнүн сөөгү Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчадан “муунуп, асынган абалда” табылганын милиция билдирген.

Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотуу талабы менен акцияларды уюуштуруп келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар экени коррупцияга каршы кеңешмеде айтылды Коррупцияга каршы кеңешмеде архитектура жана шаар курулуш тармагындагы абал талкууланууда"Коопсуз шаар-2": мас айдоочулар жана коррупцияОоган кыргыздары: өкмөттүн дымагы, коомчулуктун пикири