Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Коррупцияга каршы кеңешмеде архитектура жана шаар курулуш тармагындагы абал талкууланууда


Rоррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме. 2022-жылдын 19-июлу.
Rоррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме. 2022-жылдын 19-июлу.

Прокуратура органдары Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинде жана анын түзүмдөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы көрүлүп жаткан аракеттерди, архитектура жана шаар курулуш, жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында көптөгөн мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу бүгүн 19-июлда Башкы прокурор Курманкул Зулушев укук тартибин коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кезектеги координациялык кеңешмесинде билдирди.

Зулушевдин айтымында, шаар куруу документтеринин бардык түрлөрүн иштеп чыгууда, көзөмөлдөөдө, курулуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлорун бекитүүдө иш тийиштүү деңгээлде жүрбөгөндүгү, социалдык маанидеги объекттердин айрымдары өз учурунда тиешелүү деңгээлде каржыланбай, каржыланган объекттердин курулушу өз убагында аяктабагандыгы аныкталды.

Башкы прокурор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү курулуш көзөмөлү жок болгондуктан өзүм билемдик менен салынып жаткан курулуштар көбөйүп, өзгөчө калктуу конуштарда жер тилкелерин берүү үчүн зарыл чечимдерди кабыл алууда системалык көйгөйлөр пайда болуп жатканын айтты.

Прокуратура органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин 2021-жылы өлкө аймагында мыйзамсыз берилген ар кандай багыттагы 1125 гектар, ал эми 2022-жылдын алты айында 352 гектар жер тилкелери кайтарылганы маалым болду.

Кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышууда. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жакшы жүрбөй жатканын айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG