Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар экени коррупцияга каршы кеңешмеде айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар. Бул тууралуу 19-июлда коррупцияга каршы координациялык кеңешменин архитектура жана курулуш тармагындагы абалды талкуулаган жыйынында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов билдирди.

Ал Мамлекеттик курулуш агенттиктин Архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматына таянып билдиргендей, 78 курулуштун 36сы Бишкекте. Калган 24ү Ош шаарында, 15и Жалал-Абад облусунда, үчөө Чүй облусунда. Курулуштардын негизги бөлүгү көп кабаттуу турак үйлөр.

Укук тартибин коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кезектеги координациялык кеңешменин бүгүнкү отурумуна өкмөт башчы Акылбек Жапаров да катышууда. Ал өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жакшы жүрбөй жатканын айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG