Испанияда аптап 360 кишинин өлүмүнө себеп болду

Испаниянын токойлорун өрт каптады.

Испаниянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту өлкөдөгү адаттан тыш ысык аптап 360 адамдын өлүмүнө себеп болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, жума күнү эң көп киши же 123 жаран ысыктан көз жумду.

8-июлдан бери Европанын түштүгүндө аномалдуу температура байкалууда. Испаниянын айрым аймактарында абанын табы 45 градуска чейин жеткен.

Ысык аптап коңшу Португалияны да каптады. Бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-июлдан 13-июлга чейин ысыктан 238 адам, негизинен өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар каза болду. 14-июлда Португалияда абанын температурасы 47 градуска жетти. Бул абанын табы каттоого алына баштагандан берки өлкө аймагында июль айында байкалган эң жогорку температура.

Европанын түштүк-батышында ысыктан жана катуу шамалдан улам токойлорду өрт чулгады. Франциянын Жиронда аймагында өрт коркунучунан улам 14 миңден ашуун айыл тургундары эвакуацияланды. Франциянын 96 департаментинин 38инде "кызгылт сары" деңгээлдеги эскертүү жарыяланды.

Улуу Британиянын айрым аймактарында, анын ичинде Лондон, Йорк жана Манчестер сыяктуу шаарларда ысыктан улам өзгөчө кырдаал өкүм сүрүүдө. Бул өлкөнүн Улуттук метеорология кызматы өз тарыхында биринчи жолу "кызыл" деңгээлдеги эскертүү жарыялады.

НАСАнын адистери Европадагы адаттан тыш ысык аба ырайын дүйнөдө климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат.

Дагы караңыз

Орусиянын соккусунан каза тапкан төрт жашар Лизанын сөөгү жерге берилдиСот "Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагуловду 7-сентябрга чейин абакта калтырдыКиев: Орусия Украинадагы жаңы чабуулдарга даярданып жататГрекия: Сербиядан аскердик жүк ташып бараткан украиналык учак кыйрады Байден АКШ Жакынкы Чыгыштан оолактабай турганын айтты