Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Орусиянын соккусунан каза тапкан төрт жашар Лизанын сөөгү жерге берилди


Төрт жашар Лизанын жакындары жана шаар тургундары, 17-июль 2022-жыл.
Төрт жашар Лизанын жакындары жана шаар тургундары, 17-июль 2022-жыл.

Украинанын Винница шаарында орус күчтөрүнүн аба соккусунан мерт болгон 4 жаштагы Лиза Дмитриеванын сөөгү 17-июлда жерге берилди. Наристени акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакын туугандары жана шаардын тургундары катышты.

14-июлда Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан тарыхый Винница шаарында Орусиянын армиясынын чабуулунан баш-аягы 24 жайкын тургун мерт болгону ырасталды. Алардын арасында Лизадан тышкары дагы эки бала бар.

Лизанын апасы Ирина Дмитриева чабуулда бутунан ажыраган жана учурда оор абалда реанимацияда жатат. Ал даун синдромуна чалдыккан кызынын жашоосу тууралуу Инстаграмда блог жазып турчу. Каргаша кызы экөө атайын сабакка бараткан кезде болгон. Винницадагы бул чабуулдан жалпысынан 200дөй киши жараат алды.

Орусия Украинада жайкын тургундар жашаган аймактарды аткылаганын четке кагып келет. Орус армиясы далилдерге карабастан Винницада аскердик жайга гана сокку урганын билдирди.

Расмий Киевдин маалыматына ылайык, соңку үч күн ичинде орус күчтөрүнүн Украинанын ар кыл шаарларындагы калктуу конуштарды бутага алган чабуулдарынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG