Аламүдүн базарында мурдагы аялын бычактаган эркек кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы Аламүдүн базарында иштеген аял бычакталган окуя тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-июлда кечке жуук 1984-жылкы келин соода жайын жаап жаткан маалда белгисиз бирөө бычактап кеткен. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 1973-жылкы мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган.

Милициянын маалыматына караганда, келинге 16 жолу бычак урулган жана учурда оор абалда ооруканада жатат.

Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда соңку кездери аялдар карата зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көбөйдү.

Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.

Дагы караңыз

"Бириккен демократиялык кыймыл" Таласта жолугушуу өткөрдү Винница шаарына урулган соккуда мерт болгондордун саны 24кө жетти Тоо-кен тармагы: жүздөй лицензия өкмөткө өттү Министрлер коомчулукка отчет берет, блогерлер менен жолугат Карабак: азери жана армян тышкы иштер министрлери Тбилисиде жолукту