Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Министрлер коомчулукка отчет берет, блогерлер менен жолугат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн баары 18-28-июль күндөрү алты айдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчет берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери жарым жылдыктын жыйынтыктары жана алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берүү үчүн журналисттер, активисттер жана блогерлер менен бейформал шартта жолугушууларды өткөрөт.

"Алгач баяндама жасалып, андан соң медиа чөйрө өкүлдөрү үчүн жыйындын катышуучуларына кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт" деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында жыл жыйынтыгында натыйжа көрсөтө албаган министрлер кызматтан алынарын эскерткен.

Өкмөт башчы 5-июлда айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолуккан. Анда кээ бир иликтөөчү журналисттердин чакырылбай калганы, иш-чаранын форматы сынга кабылган жана берилген сый тамакты "ооз басырык" катары баалагандар болгон.

Өкмөттүн басма сөз кызматы "журналисттерди тандап чакырган" деген дооматты четке кагып, мындай жолугушуулар дагы уланарын айткан.

XS
SM
MD
LG