Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Карабак: азери жана армян тышкы иштер министрлери Тбилисиде жолукту


Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.
Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.

Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Арарат Мирзоян 16-июлда Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салууну талкуулоо үчүн Грузиянын Тбилиси шаарында жолукту. Расмий Бакунун билдиришинче, анда Байрамов Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин шарттары сакталып, Карабактан армян аскерлери чыгарылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле дайынсыз жоголгон төрт миңге чукул азери жарандары тууралуу маселе көтөрдү.

Армения тараткан маалыматка караганда, Мирзоян Карабак маселесин саясий жол менен жөнгө салуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, туткундагы армян аскерлерин бошотуу, гуманитардык маселелерди чечүүгө басым жасады.

Мунун алдында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусияны Тоолуу Карабакка байланыштуу "тынчтык келишиминин кепилдиги сакталбай жатканына" айыптаган. Ал Армения бул региондон аскерлерин алып чыгып кетпей жатканын айтты. Алиев бул Москванын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу декларациясында жазылганын, анын аткарылышына орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү аракет кылбай жатканын белгилеген.

Буга байланыштуу расмий Москва азырынча комментарий бере элек.

Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул эки коңшулаш мамлекеттин алакасы чыңалып турат.

Чек ара аймактарында утур-утур кагылышуулар орун алып, эки тарап мындай окуяларга бири-бирин айыптап келет. Чыңалууну басаңдатууну көздөгөн дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыга элек.

Дээрлик 30 жыл бою этникалык армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабак аймагын эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныйт. 2020-жылдагы согуштан кийин Тоолуу Карабактын бир бөлүгү жана анын айланасындагы райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG