Винница шаарына урулган соккуда мерт болгондордун саны 24кө жетти

Винница шаарындагы орус ракеталары тийген объектилер.

Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Борзов кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 68 адам жараат алды. Курман болгондордун үчөө жаш балдар.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан линиядан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат.

Ишембиде Орусия Украинанын Харьков, Днепропетровск жана Одесса облустарын атылоону улантты.

Чугуев шаарында 16-июлда эртең менен орус аскерлеринин аткылоосунун бир үй жарым-жартылай кыйраган. Анда үч адам мерт болуп, дагы үчөө жараат алды.

Ошондой эле Днепропетровск облусундагы Никополь кварталы дагы аткыланганы кабарланды. Ага ылайык, 15 кабаттуу үй, мектеп жана орто окуу жайдын имараты жабыркады. Жараат алган бир аял ооруканага жеткирилди.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айдан бери уланып жаткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды.

Апта башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги Орусиянын баскынчылыгы менен согуш башталгандан бери Украинадан тогуз миллиондон ашуун адам коопсуз жактарга баш калкалоо үчүн чыгып кеткенин билдирген.

Дагы караңыз

Тоо-кен тармагы: жүздөй лицензия өкмөткө өттү Министрлер коомчулукка отчет берет, блогерлер менен жолугат Карабак: азери жана армян тышкы иштер министрлери Тбилисиде жолукту "Бизнес, эне тил жана депрессия". Европадагы кыргыздарды эмне ойлондурат?Директор тандоо же көйгөйү көп билим берүү