Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2024-жылга чейин Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирде жашаган 1,5 миңдей (400 үй-бүлө) этникалык кыргызды көчүрүп келүү каралып жатканын маалымдады.
Бул тууралуу министр “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, аларга шарт түзүү үчүн 244 миллион сом бөлүү пландалып жатат.
Былтыр октябрь айында бийлик Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү пландап жатканын билдирген.
2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштаган. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин алардын айрымдары Ооганстанга кайткан.
Айрым эксперттер Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздар стратегиялык аймак катары саналган Вахан коридорунан жылбашы керектигин белгилешип, расмий Бишкекти аларды көчүрүп келүү ордуна жашоого ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө чакырып келишет.
- 2021-жылы жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качып, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган.
- Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалган. (TSh)
Дагы караңыз
"Дастан" заводу банкроттуулук жөнүндө кабарларга жооп кайтардыКыргызстан Интерпол аркылуу 650дөн ашык кишини издегенПольшада Экинчи дүйнөлүк согушта сөөк көмүлгөн жайлар табылдыЖогорку окуу жайларына кабыл алуу беш айлампа менен өтөт