Ошол эле кезде ооган кыргыздары арасында журт которууну каалабай тургандары арбын экени белгилүү болду. Мындан улам алар кыргыз өкмөтүнөн өздөрү байырлаган аймактагы жашоо-шартын жакшыртууга көмөктөшүүнү суранып жатышат.
«Өз көзөмөлүмө алам»
Президент Садыр Жапаров памирлик кыргыздарды толугу менен ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүп келүү пландарын ортого салды. Муну "жоголуп бараткан" боордошторду сактап калуу аракети менен негиздеди.
"Бүтүндөй кыйналып, "Памирде жоголуп баараткан" десек болот. Жоголуп бараткан кыргыздарды көчүрүп келүү менин көкүрөгүмдөгү иш болчу. Мен ушуну жакын арада, кудай буюрса аткарам. Өз көзөмөлүмө алам. Каражатыбыз бар. Каяктан каражат алып, кантип көчүрүп келебиз, кантип жайгаштырабыз баардык булактарды таап койдук. Баардык жакшынакай шарттарды түзүп беребиз", -деди Жапаров.
Ал ошондой эле Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин тездетүүнү убада кылды.
Памирден Кыргызстанга көчүп келип, азыр Бишкектеги жогорку окуу жайында окуп жаткан Турганбай Абдулвахид уулу памирликтер чогуу бир айыл болуп калса, Кыргызстанга оңой көнүп кетишмек деген ойдо.
"Буга чейинки президенттерден бири да памирликтерден кабар алып кеткен эмес. Садыр Жапаров Памирден келген кыргыздардын үйүнө чейин барып, ар биринин оюн сурады. Муну алар аябай жакшы кабыл алды. Президент памирлик кыргыздарга бир айылга бириктирип, толук шарт түзүп берерин айтты".
Өкмөт былтыр Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына 11 үй куруп, 17 үй-бүлөнү жайгаштырган. Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келүү 2017-жылы башталган.
Ооганстандык кыргыздардын жашоо-шартына, абалына кызыгып, байкоо салып жүргөн жарандык активист Акылай Каримова боордошторду Кыргызстандагы жашоого көндүрүү, коомго аралаштыруу үчүн атайын план-программа керек деп эсептейт:
«Көчүрүп келүү тап-такыр көйгөй эмес. Аларды коомго жуурулуштуруу көйгөй. Анткени алар менен бизди эч нерсе бириктирбейт. Бир улуттан экенибиз гана бириктирет. Биз таптакыр башкачабыз. Алар менен биздин жашоо образыбыз эки башка. Аларды алып келгенден кийин кандайдыр бир программаны ойлонуш керек. Эң биринчи кезекте аларга ыңгайлуу болушу керек. Экинчиден, алар жумуш таап, жергиликтүүлөр аларды жээрибей, балдарын кабыл алышы керек».
Каримова буга чейин Кыргызстанга келип көнө албай кайра кетип калган ооган кыргыздарын мисал келтирди.
«Памир да кыргыздын жери»
Ооган кыргыздарынын Кабулдагы өкүлү, парламенттин мурдагы депутаты, маркум Турдакун ажы Атабек уулунун баласы Абдувахил Турдакун уулу да 2017-жылы Кыргызстанга келип, Нарында туруп калган. Ал Памирдеги кыргыздарды бул жакка алып келүүнүн ордуна ошол жакка шарт түзүп берүү керек дегенди туура көрөт.
«Баарын алып келүү керек дегенге анчалык деле кошулбайм. Каршылык болбосун. Менин жеке оюмда, ал жактагы ооган бийлиги менен кыргыз өкмөтү сүйлөшүп, Памирди автономиялуу облус кылып алса, ошол жакта эле жайгашып, бул жерде салып берчү үйлөрдү, ушул жакта берилген жардамдарды ошол жакта кылса неге болбойт деген да ой бар. Памир деле кыргыздын жери. Ошол себептен, кыргыздын өкүлчүлүгү же кыргыз улуту ошол Ооганстанда жашап турганы Кыргызстанга деле пайда болмок».
Турдакун уулунун божомолунда, Памирди байырлаган кыргыздардын дээрлик 70 пайызы журт которууну каалабашы мүмкүн.
Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.
2019-жылдын аягында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.