Ооганстандык 2 миңдей качкын Нидерландга барды

Пакистанда күн кечирип жаткан ооган качкындары.

Ооганстандагы согуштан качкан 181 жаранды ташыган учак Нидерландга конду. Бул тууралуу Нидерланддын өкмөтү 13-июлда кабарлады.

Качкындар Пакистандан учушкан. Алар Ооганстанды “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) басып алгандан кийин коңшу өлкөдө баш калкалап жаткан оогандыктардын соңку тобу экени айтылды.

Жарандардын көпчүлүгү өлкөнү Пакистандын чек арасы аркылуу таштап чыгып кетишкен. Ал жакта Эл аралык миграция уюму жана голланд дипломаттары жардам берип, аларды Исламабадга чейин жеткиришкен.

Пакистандын бийлиги документтери жок оогандарга Нидерландга учуп кетүү шарты менен өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген. Нидерланд талибдер бийликке келгенге чейин өздөрүнүн дипломаттарына жардам берген оогандыктарды эвакуациялап кетүү милдеттемесин алган.

Мурдараак Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын августунан бери 1801 ооганстандыкты чыгарып кеткенин маалымдаган. Жаңы учуп келгендер менен алардын саны 2 миңге жетти.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашсыз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып чыгып, учурда бийлик талибдердин колунда. Талибдерден качкан миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кетишкен. (ErN)

Дагы караңыз

Рысалиева: Мигранттар кыргызча психологиялык кеңеш берүүчү платформага муктаж (видео)Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголдуУлуттук банк ишкерлер менен банктардагы көйгөйдү талкууладыРыскулбеков: Зордукталган кыздын ата-энеси акча чогултууну суранган эмесБайден Израиль менен Сауд Арабиясына жөнөдүЖаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат