Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголду


Илья Яшин.
Илья Яшин.

Оппозиционерге орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, Москвадагы үйүндө тинтүү жүргөнүн адвокаты Вадим Прохоров маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, кылмыш ишин Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы козгоду.

"ОВД-Инфо" сайты дагы бир адвокат Михаил Бирюковдун айтканына таянып, кылмыш ишинин козголушуна анын 7-апрелде Украинанын Буча шаарындагы массалык кыргын тууралуу айтканы себеп болгонун жазды.

Яшин Ютубдагы видеоканалында Бучадагы кыргын үчүн орус аскерлерин айыптап, Би-Би-Синин Бучадан тарткан тасмасын көрсөткөн.

Оппозиционер 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Илья Яшин Украинага чабуулду ачык сындап, согуш баштаганы үчүн президент Владимир Путинди айыптап келет. 28-июнда "полицияга баш ийбегени үчүн" 15 суткага камалган. Оппозиционер эч кандай баш ийбөө болбогонун айтууда.

Өткөн аптада орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу беренеси менен Яшиндин кесиптеши Алексей Горинов жети жылга камалган.

Армия тууралуу жалган маалымат таратуу беренеси менен Орусияда 70тен ашуун кылмыш иши козголгон. Алардын басымдуу бөлүгү Украинадагы согушта орус аскерлеринин колунан жай тургундар набыт болгонун айтып чыккандарга козголгон.

XS
SM
MD
LG