Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат


Кыргызстандагы мектептердин бириндеги окуучулар. Иллюстрация.
Кыргызстандагы мектептердин бириндеги окуучулар. Иллюстрация.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, президенттин 12-июлдагы жарлыгына ылайык, мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ал эми беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматынан бошотулат.

"Бирок алар дагы кайрадан жетекчилик кызматка сынакка катыша алат. Биз эртең эле Таласта алгачкы сыноону жүргүзүүнү чечтик, ал жакта эки мектептин жетекчи орундары бош. Август айында башка мектептердин жетекчилери да алмашат. Тестирлөө сынактары облустардын борборлорунда жүрөт".

Жусупбекова кошумчалагандай, мектеп директорлоруна сынактын жадыбалы даяр.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда 2162 мектеп бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG