Шри-Ланканын президенти кызматын тапшырбай өлкөдөн качып кетти

Шри-Ланканын президентинин резиденциясын ээлеп алган демонстранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса массалык акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, шаршемби күнү таңга жуук өлкөдөн качып кетти. Ал Куралдуу күчтөрдүн учагы менен Мальдив өлкөсүнө келгени маалымдалды.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени кабарланган эле.

Андан соң парламенттин жетекчилиги жана чоң партиялардын лидерлери чукул жыйынга чогулуп, өлкөдө жаралган кырдаалда президенттин отставкага кетишин талап кылышкан. Президент Ражапакса бул сунушту кабыл алып, 13-июлда кызматын тапшырып берүүгө макул болгон. Ага чейин президенттин отставкасын кабыл алуу боюнча даярдык иштери жүрөрү айтылган. Мунун фонунда бир нече министр да кызматтан кетерин жар салган.

Ражапакса кызматтан кеткенин айтпай кеткен чакта премьер-министри Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдады. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылышууда. Алар Коломбодогу өкмөт үйүн басып алууну көздөп жатышат.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай калган, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.

Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.

Шри-Ланка Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)

Дагы караңыз

Украинадагы согуштун жүрүшүн өзгөрткөн HIMARS "Next TV иши": Адвокаттар тергөөнүн жыйынтыгына нааразыУКМК төрагасынын орун басары алмаштыКыргызстанда 39 адамдан коронавирус табылды Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат