Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

"Next TV иши": Адвокаттар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы


Таалайбек Дүйшөмбиев сот залында. Март, 2022-жыл.
Таалайбек Дүйшөмбиев сот залында. Март, 2022-жыл.

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин адвокаттары тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты. Алардын айтымында бүгүн, 13-июлдагы маалымат жыйынында 14-июлда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча алдын ала угуу башталат.

"Кылмыш иши 3-мартта башталган. Ошол эле күнү экспертизанын жыйынтыгы да чыгып жатат. Бир эле күндө жетишип, экспертизанын жыйынтыгын чыгара калуу мүмкүн эмес," - деди адвокат Акмат Алагушев.

Жактоочулар Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев беш айдан бери тергөө абагында кармалып турганын белгилеп, кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген жүйөнү келтиришкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Украинага согуш ачкан Орусияга аскердик жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. Телеканалдын ишинин токтошун анын жетекчилиги көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырган.

Атайын кызмат кийин, 29-июнда Next TV телеканалынын ишинин алкагында директор Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып таккан.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым катары бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев такталбаган маалыматты таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Next TV жетекчилиги телеканалдын ишине тоскоолдук жаратып жатканын айтып, муну көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарына эфирин бергени менен байланыштырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG