УКМК төрагасынын орун басары алмашты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башкы имараты. Бишкек. Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп Тимур Шабданбеков дайындалды.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Бекбосун Апсатаров башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бекбосун Апсатаров бул кызматка 2020-жылы октябрда дайындалган.

Тимур Шабданбеков мурда УКМКнын 9-бөлүмүн жетектеп, коррупцияга каршы кызматта иштеген.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 39 адамдан коронавирус табылды Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашатЖогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болотРыскулбеков: Зордукталган кыздын ата-энеси акча чогултууну суранган эмесОрусияга аба мейкиндигин кайтартуу опурталдуубу?