Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болот


Тест тапшырып жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Тест тапшырып жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болот, анын ичинн 4 663 орун педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт.

205 орун так жана техникалык илимдерди окутуучу педагогикалык багытка берилди. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 12-июлдагы отурумунда чыгарылганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Отурумда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымдагандай, Жогорку окуу жайларына кирүүгө жеңилдик алган абитуриенттер аныкталды. Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандар, майыптыгы барлар, Аксы окуясынын, Апрель, Июнь окуяларында курман болгондордун, кайрылмандардын балдары акысыз окуйт.

80 бюджеттик орун эл аралык келишимдердин негизинде бөлүндү.

Расмий маалматтарга караганда быйыл Кыргызстанда 68 миңдей окуучу мектепти аяктады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG